Жети университеттин студенттери башка аймактарда билим ала алышат
3871
                                    
                                    
                                                                     Билим берүү жана илим министрлиги 7 университет академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча меморандумга кол койгонун маалымдады. Ага ылайык, студенттер алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Алар университеттердин биринде жарым семестр билим ала алышат.
Кол койгон жогорку окуу жайлар:
- Баткен мамлекеттик университети;
 - Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
 - И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети;
 - С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;
 - А. Мырзабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети;
 - Талас мамлекеттик университети;
 - К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.
 
Сүрөт иллюстрациялык.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11215