Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
3792
                                    
                                    
                                                                     Мушташтан кийин депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Абиров жабырлануучудан, анын ата-энесинен кечирим сурады. Алардын видеосу социалдык тармакка тарады.
Анда Жаныбек Абиров өзүнүн жана окуяга катышкандардын атынан кечирим сураган. "Эмоцияга алдырып, туура эмес кылганыбызды түшүнүп, кабыл алдык. Силерден кечирим сурайбыз. Бири-бирибизге бир тууган бололу. Мындан кийин мамилебиз да, саламыбыз да түз болсун. Биз да өкүнүп жатабыз. Үй-бүлөбүздүн, балдардын атынан кечирим сурайбыз", - дедт Абиров.Жабырлануучу тарап түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтып, "кечирдим" деп кол алышты.
Эске салсак, 11-мартта Абиров жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.
                
                    Жаныбек Абиров катышкан мушташ                
                
                    (20 статей)                
            
            
                        
                            Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди                        
                        
                                    
                            3 Август 2023, 18:00                        
                    
                        
                            "Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү                        
                        
                                    
                            5 Апрель 2023, 12:11                        
                    
                        
                            БШК Жаныбек Абировдун депутаттык мандатын алды                        
                        
                            
                            27 Март 2023, 19:19                        
                    
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11185