Президент Кыргызстандын Словениядагы элчисин дайындады
3006
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Словениядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы элчиси кызматына 2021-жылдын декабрь айында дайындалган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11156                                    
                                
                            