"Айыл Банк" 4 кредиттик продукт боюнча тарифтерди төмөндөттү
4651
                                    
                                    
                                                                     "Айыл Банк" насыя берүүнү стимулдаштыруу максатында "Айыл Чарба", "Өндүрүш Кредит", "Бизнес Кредит" жана "Тиричилик" продуктулары боюнча 2023-жылдын 27-мартынан тарта 2023-жылдын 1-июнуна чейин улуттук валютадагы кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүп, насыялоо параметрлерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. 
                                Ал токтомго ылайык, төмөнкү продуктулар боюнча пайыздык чендер өзгөрдү:
"Айыл Чарба" продуктусу боюнча
Насыянын суммасы:
- 300 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 19%;
 - 1 000 001 сомдон жогору - жылдык 18%.
 
"Өндүрүш кредит" продуктусу боюнча
- Сом менен, жылдык - 18%.
 
"Бизнес кредит" продуктусу боюнча
Насыянын суммасы:
- 300 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 20%;
 - 1 000 001 сомдон 3 000 000 сомго чейин - 19%;
 - 3 000 001 сомдон жогору - 18%.
 
"Тиричилик" продуктусу боюнча
Керектөө максаттарына:
- 300 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 20%;
 - 1 000 001 сомдон 3 000 000 сомго чейин - 19%;
 - 3 000 001 сомдон жогору - 18%.
 
Ипотекага
- Жылына 18%.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/11090