"Айыл Банк" 6%дык жеңилдетилген насыяларды бере баштады
5055
                                    
                                    
                                                                     "Айыл Банк" "Айыл чарбасын каржылоо-11" мамлекеттик программасынын алкагында жеңилдетилген насыяларды бере баштады.
"АЧК-11" долбоорунун алкагында насыялар жылына 6% менен эки категория боюнча берилет:
- мал чарбачылыгына;
 - өсүмдүк өстүрүүгө.
 
Ошондой эле:
- 150 миң сомго чейин, 18 айга чейинки мөөнөт менен – күрөөсүз негизде каржыланат;
 - 500 миң сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөт менен - күрөөлүк негизде.
 - Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу, гидропондук сугаруу), күнөскана чарбалары, интенсивдүү багбанчылык, канаттууларды багуу, балык өстүрүү;
 - балчылык;
 - асыл тукум малды сатып алуу, кыркын пункттарын жана жугушсуздандыруучу ванналарды куруу жана жабдуу жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдууларды алуу – алектенген субъектер үчүн 5,0 млн сомго чейин, 60 айдан ашык эмес мөөнөткө берилет.
 
Белгилей кетсек, "Айыл чарбасын каржылоо-11" долбоору 2023-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10923