Жалал-Абадда жер силкинди. Жабыркагандар жок
2697
                                    
                                    
                                                                     Жалал-Абад облусунун аймагында 5-мартта жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер титирөөнүн күчү 3 баллга жетти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-мартта саат 19:52 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарында 3 балл, Кербен шаарында жана Ак-Там айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10696                                    
                                
                            