ККМге каршы митингге чыккандар Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылышууда (видео)
3389
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 2-мартта Бишкектин Горький сейил багында соодагерлердин кассалык аппараттарды (ККМ) орнотууга каршы, ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго каршы митинги өтүп жатат.
Тема боюнча:
Митингге 500дөй адам чогулду. Алар Акылбек Жапаровдун жаңычылдыгына нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышууда.
Белгилей кетсек, буга чейин контролдук-кассалык машиналарды колдонуудан бошотулган ишмердүүлүктүн тизмеси кеңейтилгени айтылган. Тизмеге төмөнкүлөр кирген:
- гезит күркөлөрүндө алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын кошпогондо, гезиттерди жана журналдарды сатуу;
 - гүл чарба азыктарын, айыл чарба азыктарын, нан азыктарын, кол арабалар менен сатылган улуттук жана алкоголсуз суусундуктарды, көчмө дүкөнчө жана күркөлөрдү колдонуу менен чекене сатуу;
 - квасты, сүттү, алкоголсуз суусундуктарды жана улуттук суусундуктарды цистерналардан/бочкалардан чекене сатуу;
 - окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде коомдук тамактануу кызматтары.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10608                                    
                                
                            