Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди
2893
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында кечээ, 1-мартта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Тема боюнча:
Маалым болгондой, эпицентрде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 17:50дө катталган. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында - Кызыл-Жар айылынан 10 чакырым, Шамалды-Сай айылынан 17 чакырым батыш тарапта жана Майлуу-Суу шаарынан 40 чакырым алыстыкта болгон.
Кыргызстандын аймагында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллдан 3 баллга чейин сезилди. Кыйроолор катталган жок.",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, акыркы убакта республиканын аймагында, анын ичинде Ош жана Чүй облустарында бир нече жер титирөө катталды.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10605                                    
                                
                            
