Түркия менен Сириядагы жер титирөөнүн курмандыктары 50 миңге чамалады
3410
                                    
                                    
                                                                     Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 50 миңге жакындап калганын Euronews телеканалы билдирет.
Андагы маалыматка караганда, жалпысынан Сирияда 8,5 миң, Түркияда акыркы маалыматтар боюнча 40 миң 642 адам каза болгон.
Сириянын кээ бир шаарлары урандыга айланды. Дрон менен тартылган видеодон массалык кыйроолорду көрүүгө болот. Ал жерде жер титирөө 1250дөн ашык имаратты кыйраткан.
Түрк бийлиги нормага ылайык курулбаган кулаган имараттар боюнча иштерди иликтөөнүн алкагында подрядчыларды жана мыйзам бузууга катышкан башка адамдарды кармоону улантууда.
БУУнун маалыматы боюнча, кырсыктан беш миллиондон ашуун адам жабыркаган.
                        
                            Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты                        
                        
                                    
                            17 Март 2023, 20:00                        
                    
                        
                            Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат                        
                        
                                    
                            13 Март 2023, 16:51                        
                    
                        
                            Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду                        
                        
                            
                            9 Март 2023, 10:45                        
                    
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10389                                    
                                
                            