Жалал-Абадда апасы менен кызы чек арадан мыйзамсыз өткөн деп кармалды
2547
                                    
                                    
                                                                     Жалал-Абадда 2 аял чек арадан мыйзамсыз өткөнгө шектелип кармалды. Облустук милициянын маалыматына ылайык, алар Өзбекстандан келишкен.
Маалым болгондой, 13-февралда Өзбекстандын Андижан облусунун тургундары 1978-жылы Э.Д. жана анын кызы 2000-жылы туулган Ю.Ш. кармалган. Алар Сузак районунун аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын одоно түрдө мыйзамсыз бузуп өтүшүп, Жалал-Абад шаарында жүрүшкөндүгү такталган.Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөө иштери жүрүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10372