Түркиядан дагы 6 кыргызстандык Ташкентке эвакуацияланды
2765
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Газиантеп шаарынан кыргыз жарандарынын дагы бир тобун эвакуациялады. Kaktus.media сайтына дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 6 кыргызстандык атайын рейс менен Ташкентке учушту.
Болжолдуу түрдө учак Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Өзбекстандагы аэропортко конот. Ташкенттен Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, андан ары мекенине жөнөтүүгө көмөктөшөт.
Түркиядагы Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот:
- Түркиядагы элчилик (Анкара): +90 545 68 96 800, +90 312 49 13 506, + 90 312 49 13 507;
 - Анталиядагы Башкы консулдук: +90 546 55 70 471, +90 534 83 88 551;
 - Стамбулдагы Башкы консулдук: +90 535 10 77 212, +90 212 23 56 767, +90 212 23 53 737;
 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгы: +996 999 31 20 02.
 
                        
                            Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты                        
                        
                                    
                            17 Март 2023, 20:00                        
                    
                        
                            Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат                        
                        
                                    
                            13 Март 2023, 16:51                        
                    
                        
                            Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду                        
                        
                            
                            9 Март 2023, 10:45                        
                    
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10266