Блогердин видеосунан кийин Караколдогу бак кыюу фактысы текшерүүгө алынды
3936
                                    
                                    
                                                                     Социалдык тармакка Ысык-Көл облусунун Каракол токой чарбасында мыйзамсыз бак кыюу фактысы боюнча видео тараган. Жаратылыш ресурстар министрлигинен Биоресурстар департаменти коомчулуктун нааразычылыгын эске алуу менен бул фактыны көзөмөлгө алганын маалымдашты.
"Ысык-Көл-Нарын аймактык башкармалыгынын инспекторлору Токой изилдөө илимий-өндүрүштүк борборунун окумуштууларынын катышуусунда 2012-жылдын 1-апрелинде белгиленген талаптардын сакталышын текшерип жатканын маалымдайбыз. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилет", - дешет маалымат кызматынан.Белгилесек, саякатчы-блогер Николай Гладков Караколдогу Арашан тилкесинен видео жарыялап, бак-дарактар кыйылып жатканын билдирген.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10146