Кыргызстандан пиязды экспорттоого тыюу салынды
3434
                                    
                                    
                                                                     Ушул жылдын 31-январынан тарта Кыргызстандан пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, чектөө 3 айга киргизилет.
"Бул чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына, атап айтканда, пияздын баасын кармап туруу максатында кабыл алынды", - дешет министрликтен.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10144                                    
                                
                            