Кыргыз-өзбек заводу 6 жыл ичинде 30 миң унаа чыгарууну пландоодо
3677
                                    
                                    
                                                                     Кыргы-өзбек заводу алдыдагы 6 жыл ичинде 30 миң унаа чыгарууну мерчемдеп жатат. Ошондой эле 2 миң жумуш орун түзөрүн Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашат.
Аталган завод Бишкектин чет-жакасына курулат. Макулдашууга эки өлкөнүн экономика министрлери - Данияр Амангельдиев жана Лазиз Кудратов кол койду.
Долбоорду кыргыз тараптан "ДТ "Техник" жана "Нур" ишканалары, өзбек тараптан "Узавтосаноат" ишканасы биргеликте ишке ашырат. Долбоор үч этаптан турат:
- Кыргызстандын жарандары үчүн 500 жумуш орундарын түзүү менен 10 миңге чейин автоунаага SKD ыкмасын колдонуу менен өндүрүштү уюштуруу (ири масштабдуу чогултуу);
 - 1000 жумушчу орундарын түзүү менен 20 миң автомобиль өндүрүшүн баштагандан кийин 4-5 жыл ичинде автокомпоненттерди өндүрүү;
 - алтынчы жылы жалпысынан 30 миң автомобиль, кыргызстандыктар үчүн 2000 жумушчу орун түзүү менен ишке ашырылат.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10115                                    
                                
                            