Ноокатта 7 жашар баланы урган жаранга кылмыш иши козголду
3621
                                    
                                    
                                                                     Ош облусунун Ноокат районунда 7 жаштагы баланы урган жаран кармалды. Облустук милициядан кабарлашкандай, шектүүгө карата "Бейбаштык" беренеси менен иш козголду.
Ноокат РИИБдин ыкчам иштеринин натыйжасында Кеңеш айыл аймагынын 30 жаштагы О. уулу Т. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, 26-январда саат 19:20 чамасында Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан "Элдос" кафесинде 7 жаштагы балага белгисиз жаран кол көтөргөн видео тараган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10109                                    
                                
                            
                