Бүгүндөн баштап Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө чектөө кирди
4431
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 26-январда Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилди. ИИМдин маалыматына ылайык, чектөө эртең, 27-январда да болот.
Белгилесек, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Бишкекте болот.
Өлкөгө келген делегациянын кортежинин каттамы учурунда төмөнкү көчөлөрдө чектөө болот:
- "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин;
 - Фучик көчөсү Чүй кең көчөсүнө чейин;
 - Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин;
 - Манас жана Ч.Айтматов кең көчөсү Мамлекеттик резиденцияга чейин;
 - Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.
 
"Мамлекеттик маанилүү иш-чаранын өтөрүнө байланыштуу шаар тургундарын, меймандарын чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала маршрут түзүп алууга чакырабыз. Ошондой эле жогоруда аталган көчөлөргө унааны токтотпоону суранабыз", - дешет министрликтен.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10053