Төмөнкү Ала-Арчада бажы кызматынын райондук имаратынан өрт чыкты
2622
                                    
                                    
                                                                     Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан бажы кызматынын райондук имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркагандар жок дешет.
Белгилүү болгондой, Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын аталган айылдагы имаратынын от жагуучу бөлмөсүндө түндө өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:10дө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт саат 02:27де чектөөгө алынып, саат 04:00дө толук өчүрүлдү.Кырсыктын кесепетинен имараттын 450 чарчы метр чатыры, ток берүүчү генератор күйдү.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10029