Белгилүү жазуучу Мурзапар Үсөн дүйнө салды
2560
                                    
                                    
                                                                     Белгилүү жазуучу, драматург, тарыхчы, скульптор, сүрөтчү жана журналист Мурзапар Үсөн дүйнө салды.
Узатуу зыйнаты бүгүн, 22-январда туулуп өскөн Кара-Булак айылында өтөт дешет президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн.
Жазуучу Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында 1948-жылы туулган. Кыргызстан жазуучулар кошунунун мүчөсү. Бир нече романдардын, повесттердин, драмалардын автору.
Kaktus.kg редакциясы Мурзапар Үсөндүн дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/10021